Сирияда ооруканага кол салуу жасалды

Бомбалоодо 10 жаран каза болуп, оорукана пайдаланылбай турган абалга келди

704513
Сирияда ооруканага кол салуу жасалды

Сириянын Түркия чек арасында оппозициячылдардын текшерүүсүндөгү Идлиб облусунда бир ооруканага абадан кол салуу жасалды. Бомбалоодо 10 жаран каза болуп, оорукана пайдаланылбай турган абалга келди. Нарет  ен  -  Нуман райондук борборунда тейлеген Улуттук оорукана Түркия убактысы менен 19:00 чамаларында аскердик учактар тарабынан аткыланды.

Социалдык медиа аркылуу маалымат берген жарандык коргонуу топтору 3 кол салуунун болгондугун билдирсе, Жергиликтүү координация комитеттери  да аскердик учактардын Орусияга таандык экендигин жарыялады.

Нарет ен  - Нуман улуттук ооруканасына өткөн жылы да февраль айында  абадан кол салууга учураган болчу.
 



Тектеш кабарлар