Сирияда абадан кол салуулар

Абадан кол салууларында эң аз 12 жаран каза болду

704853
Сирияда абадан кол салуулар

Сирияда Башар Асад режиминин борбор шаар Дамаскта оппозициячылдардын текшерүүсү астындагы аймактарга жасаган абадан кол салууларында эң аз 12 жаран каза болду. Борбор шаардын чыгышында режимдин курчоосундагы Чыгыш Гута аймагы жана Кабун мааласы эрте мененки сааттардан бери 59 абадан кол салуунун бутасы болду.

Режимдин кол салууларында Чыгыш Гутадагы Сакба аймагында 5, Хаиурийеде 3, Арбинде 2, Хараста жана Хеддажада бирден болуу менен 12 жаран каза болду. Оппозициячылдар режимдин кол салууларына жооп катары өткөн айда Чыгыш Гута аймагынын Жобар мааласынан өтүп, шаар борборунун чыгышында жайгашкан курчоо астындагы Кабун мааласына барды.Ушундайча Чыгыш Гута менен Кабун бириктирилген.  Бул боюнча Асад режими Швейцариянын Женева шаарында 23 – 31 -  мартта өткөрүлгөн 5 -  тур саясий өткөөл сүйлөшүүлөрүнө карабастан бул аймакка кол салууну күчөткөн.



Тектеш кабарлар