Орусия Башар Асадды согуш кылмышкери болгонуна карабай абдан көп коргоп жатат

Никки Хейли, АКШда айрым теле-программаларга катышып Орусиянын АКШнын шайлоолоруна кийлигишүүсү, Крымды каратып алышы жана Сирия режимине болгон колдоосу сыяктуу темаларда суроолорго жооп берди.

704540
Орусия  Башар Асадды согуш кылмышкери болгонуна карабай абдан көп коргоп жатат

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Орусиянын Сириянын президенти Башар Асадды согуш кылмышкери болгонуна карабай абдан көп коргогонун айтты.

Никки Хейли, АКШда айрым теле-программаларга катышып Орусиянын АКШнын шайлоолоруна кийлигишүүсү, Крымды каратып алышы жана Сирия режимине болгон колдоосу сыяктуу темаларда суроолорго жооп берди.

Мурда АВСде маалымат берген Хейли, Орусиянын 8-ноябрдагы АКШнын президенттик шайлоолоруна кийлигишкени туурасында ар ким бирдей пикирде экенин белгилеп, «Шайлоолорубузга эч бир өлкөнүн кийлигишүүсүн эч качан кабыл ала албайбыз»,-деди.

Орусиянын кийлигишүүсү туурасында Вашингтондогу талкуулар жана териштирүүлөрдүн эске салынганы боюнча Хейли, буларды «борбор шаардын дөөдүрөктүгү» деп мүнөздөп, бул айтылгандарга эмес чыныгы маселелерге токтолуу керектигин жактады.

«Учурда Орусия менен сүйүү аңгемебиз жок. Мурдагы күчүбүзгө ээ боло баштаганыбызды алар да байкап жатышат»,-деп айткан Хейли, Орусияны Крымды басып алуулары жана Украина маселесиндеги кыймылдарынын себебинен сындаганын айтты.

Хейли, Орусияга ишенилбей турганын да белгилеп кетти.

СВSте катышкан бир программада да Орусияны бир топ темада сындагандарын белгилеген Никки Хейли, «Орусия менен бирдей көз карашта болбогон темаларда үнүбүздү бийик чыгарабыз. Асад согуш кылмышкери болгонуа карабастан жана элине коркунучтуу нерселерди кылганына карабастан Орусия аны абдан көп коргоп жатат. Бул темада үнүбүздү бийик чыгаруубузду улантабыз»,-деп айтты.

Крымдын басылып алынышынын себебинен Обама мезгилинде Орусияга эмбарго киргизилиши тууралуу чечим чыгарылганын түшүндүргөн жана ушундай түрдө кысымдарды уланта тургандарын айткан Никки Хейли: «Керек болгон учурларда Орусияга каршы чыгууну колдоймун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар