Аутизм күнү

Түркия жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн шаарларда символдук имараттар көк жарык менен жарыктандырылды

704538
Аутизм күнү
izmir saat kulesi mavi ışık.jpg

2-апрель Дүйнөлүк аутизм күнүндө аутизмге көңүл буруу максатында Түркия жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн шаарлардын символдук имараттары көк түскө бөлөндү.

АКШда Autism Speaks тарабынан баштатылган «Көк жарык жак» (Light It Up Blue) акциясынын  алкагында дүйнө жүзүндө болгондой эле Түркияда да шаарлар менен бүтүндөшкөн имараттар жана жайлар көккө айланды.

Аутизмге көңүл буруу үчүн Стамбулда 15-июль Шейиттер көпүрөсү, Фатих Султан Мехмет көпүрөсү, Галата мунарасы, Кадыкөйдөгү Бука айкели, Измирдеги Саат мунарасы сыяктуу көптөгөн символдук түзүлүштөр көк жарык менен жарыктандырылды.

Бир тараптан Босния-Герцеговинанын түштүгүндөгү тарыхый Мостар көпүрөсү да көк түскө бөлөндү.

136 өлкө колдоо көрсөткөн акция социалдык медиа аркылуу «##otizmemaviışıkyak» хэштеги менен жүргүзүлдү.



Тектеш кабарлар