Түштүк Корея соту президентин камоо өкүмүн чыгарды

Пак Кын Хе кызматынан түшүрүлүшүнө себеп болгон коррупция чатагы менен камакка алынды.

702980
Түштүк Корея соту президентин камоо өкүмүн чыгарды

Түштүк Кореяда мурдагы мамлекет башчысы Пак Кын Хе кызматынан түшүрүлүшүнө себеп болгон коррупция чатагы менен камакка алынды.

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда Сеулдун Борбордук аймагынын соту паракорлук, кызматты кыянаттыкка колдонуу, кысым жана өкмөт сырларынын өткөрүлүшү кылмыштары менен күнөөлөнгөн Пак туурасында камоо өкүмүн чыгарды.

Камоо өкүмү соттун кечээки 9 саатка созулган отурумунун акырында чыкты.

Сотко эки адвокаты менен катышкан мурдагы президент Пак, журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырды.

Өлкө тарыхында кызматынан алынган алгачкы президент болгон Пак, жакын досу Че Сун-Си аркылуу өлкөнүн ири холдингдеринен кайрымдуулук деп атап пара алуу жана ага жооп катары пара бергендерге саясий кызыкчылыктарды камсыздап кызматын кыянаттыкка колдонгону менен күнөөлөнүүдө.

Түштүк Кореянын Парламенти 2016-жылдын 9-декабрында Пак туурасында териштирүү ачылышына чечим чыгарган жана Пактын ыйгарым укуктары убактылуу түрдө премьер-министр Хван Гёанга өткөрүлгөн.

Конституциялык соттун 8 судьядан турган комиссиясы 10-мартта Пактын мамлекет башчылык кызматынан түшүрүлүшүнө бир добуштан чечим чыгарган.



Тектеш кабарлар