Кытайда паранжага тыюу салынды

Паранжа кийген аялдар автобус же поезддерге түшүрүлбөйт

702999
Кытайда паранжага тыюу салынды

Кытай өкмөтү, көбүнчө мусулмандар жашаган Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында «радикализмге каршы күрөшүүнүн» алкагында паранжага тыюу салды.

Мыйзам эртең күчүнө кирет.

Аэропорт жана темир жол станцияларынын кызматкерлери, аялдарды паранжадан баш тарттыруудан жооптуу болот.

Айрыкча ылайыктуу көрүлгөндөн тышкаркы сакалдын түрлөрүнө да тыюу салынды.

Бул тыюу салуу коомдук транспорттор сыяктуу айрым тармактарда ишке аша баштады.

Паранжа кийген аялдар эч качан автобус же поезддерге түшүрүлбөйт.

Кытай өкмөтүнүн буга байланыштуу билдирүүсүндө: «Ата-энелер балдарын илим жана маданиятка урмат-сыйлуу тарбиялоо үчүн адеп-ахлактык жүрүм-турум көрсөтүүлөрү керек, балдарына улут аралык биримдикке колдоо көрсөтүүнү, радикализмден баш тартууну жана радикализмге каршы чыгууну үйрөтүшү зарыл» деген сөздөр орун алды.



Тектеш кабарлар