АКШ Афганстан жыйынына катышпайт

Мария Захарова АКШнын Афганстан жыйынына катышууну четке каккандыгын билдирди

702702
АКШ Афганстан жыйынына катышпайт

АКШ 14 – апрелде Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлө турган Афганстан жыйынына катышууну четке каккандыгын билдирди. Бул тууралуу маалыматты Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова билдирди.

Захарова жумалык пресс жыйынында АКШнын Афганстан жыйынына катышууну четке каккандыгын айтты. «Афганстан, Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Орто Азия өлкөлөрү жана АКШга чакыруу жибердик. АКШнын жыйынга катышууну четке кагышынан улам капалуубуз»,- деген Захарова : «АКШ Афганстан тууралуу маанилүү актер. Ошондуктан жыйынга катышуусу куралдуу күрөштү акырына чыгарып сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн афган куралдуу оппозициясына жиберилген кабар болмок. Бирок бул алардын чечими»,- деди.

15 – февралда Москвада өткөрүлгөн Афганстан тема болгон диалог жыйынына Орусия, Пакситан, Кытай, Иран, Индия жана Афганстандан жетекчилери катышкан болчу. 14 -  апрелде  өткөрүлүшү пландалган жыйынга болсо 12 өлкөдөн өкүлдөрдүн катышары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар