Ливияда бозгундарды ташыган кеме деңизге чөгүп кетти

Кемеде балдар жана кош бойлуу аялдар да болгон

702180
Ливияда бозгундарды ташыган кеме деңизге чөгүп кетти

Ливия жээктеринде бозгундардын трагедиясы уланып жатат.

БУУ Ливиядан Италияга баруу үчүн Жер Ортолук деңизден жолго чыккан бозгундарды ташыган кеменин сууга чөгүп кеткенин, көпчүлүгү Нигерия, Мали жана Гамбиялык болгон 146 бозгундан 145инин табылбай жатканын билдирди.

Билдирүүдө Италияга баруу үчүн жекшемби же дүйшөмбү күнү Ливиянын түндүк-батышындагы Сабрата шаарынан жолго чыккан кеменин Жер ортолук деңизде кырсыкка учурашынан бир гана кишинин аман кутулганы, калган 145 адамдын болсо каза болушу мүмкүн экени белгиленди.

Жооптуу кызматкерлер кемеде балдар жана кош бойлуу аялдардын да болгонун билдиришти.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы, аман кутулган бозгундун гамбиялык экенин жана испан кемеси менен Италиянын Ливияга эң жакын жери болгон Лампедуза аралындагы ооруканага алып барылганын маалымдады.

Издеп-куткаруучу топтор кырсыкка учураган кемедеги адамдарды издөө иштерин улантып жатса, аймакка кемелер менен бирге тик учар да жөнөтүлдү.

Бир тараптан Италиянын жээк коопсуздугун сактоочу топтору Ливия менен Италиянын ортосунда резина кайык менен Европага өтүүгө аракет кылган 400 чакты бозгунду куткарды.

Ливия жээктеринде үстүбүздөгү жылдын биринчи үч айында болгон кырсыктардан 590дой адамдын каза болгону маалымдалды.



Тектеш кабарлар