Францияда кытайлык мигранттар митингге чыгышты

Митингдер үч күндөн бери улантылууда

702221
Францияда кытайлык мигранттар митингге чыгышты

Франциянын борбор шаары Парижде кытайлык мигрант Шао Люнун полиция тарабынан өлтүрүлүшүнө карата митингдер үч күндөн бери улантылууда.

Көпчүлүгү кытайлык,  Азия тектүү жүздөгөн мигрант полицияга каршы митинг өткөрүү үчүн шаар борборундагы муниципалитет имаратынын алдында чогулду.

Митингчилер «Канкор полиция» деген ураандар менен коопсуздук күчтөрүнө каршы чыгышты. Полиция таш жана таяктар менен кол салган митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Шао Люнун үй – бүлөсү кечээ түшкү сааттарда басма сөзгө маалымат берип, митингге чыккандарды тынчтанууга чакырган. Парижде  үч күн мурда бир билдирүү боюнча 19 -  аймактагы адреске барган үч полицияга Люнун кайчы менен кол салгандыгы билдирилген. Полициялардын бирөөсүнүн «өзүн коргоо» үчүн Шаону аткандыгы белгиленген. Шао жаралангандан кийин тез жардам күтүп жатып каза болгондугу билдирилген.

Шаонун үй  - бүлөсү болсо полицияга эч кандай кол салбагандыгын, окуя чыккан учурда ашканада балык тазалап жаткандыгы жана коңгуроонун чалышы менен колундагы кайчы менен эшикке чыккандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар