Жаңы Зеландиядан Африка менен Йеменге жардам

Жаңы Зеландия ачарчылыкты жоюуга багытталган иш-чараларга колдоо көрсөтөт

701507
Жаңы Зеландиядан Африка менен Йеменге жардам

Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министри Мюррей Маккали, өлкөсүнүн Африка менен Йеменде болуп жаткан ачарчылыкты жоюуга багытталган иш-чараларга колдоо көрсөтүү үчүн 3 миллион доллардык шашылыш жардам берээрин билдирди.

Маккли билдирүүсүн Тышкы иштер министрлигинин расмий интернет баракчасынан жарыялады.

Министр Маккали, жардамды муктаждыгы бар адамдарга Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Эл аралы Кызыл крест жана Жаңы Зеландиялык жардам уюмдары аркылуу жеткире тургандарын белгиледи.

Ачарчылык менен күрөшүп жаткан аймактардын айрымдарында кургакчылык, кагылышуу жана коопсуздук маселелери олуттуу адамзаттык кырдаалды жаратканын баса белгилеген Маккали: «Африканын Мүйүзү, Нигерия жана Йеменде дагы эле 20 миллиондон ашуун адам ачарчылык же азык-түлүктүн жетишсиздиги менен бетме-бет келген абалда»,- деп айтты.

БУУнун Гуманитардык жардамдар жана Өзгөчө кырдаалдар координаторлугу менен Эл аралык Миграция уюму ушул айдын башында жарыялаган билдирүүлөрүндө, Түштүк Судан, Сомали, Йемен жана Нигерияда 20 миллиондон ашуун кишинин ачарчылык коркунучу менен бетме-бет келгенин маалымдап, апааттын алдын алынуусу үчүн 4,4 миллиард долларга муктаждык болгонун жарыялашкан.



Тектеш кабарлар