Учак кырсыгы

Учак коюу тумандын себебинен кулап түшүшү мүмкүн

700544
Учак кырсыгы

Түштүк Африка өлкөлөрүнөн Мозамбик менен Зимбабве чек арасына жакын жерде учак кырсыкка учурап 6 адам көз жумду.

Жергиликтүү маалымат булактарына караганда Мозамбиктин порт шаары Бейрадан Зимбабвенин борбору Харареге учкан учактын эки экипаж жана төрт жүргүнчүсү болгон.

Кырсыктын Мозамбик чек арасына жакын толуу аймакта болгону белгиленди. Учактын коюу тумандын себебинен кулап түшүшү мүмкүн экени айтылууда.

Каза тапкан 6 адамдын сөөгү тик учар менен Зимбабведеги оорукананын моргуна жеткирилди.



Тектеш кабарлар