Ирандан АКШ фирмаларына санкция

Иран 15  Америка фирмасына «Израиль жана терроризмге колдоо берди» деген негиз менен санкция жасаларын жарыялады

699720
Ирандан АКШ фирмаларына санкция

 Иран 15  Америка фирмасына «Израиль жана терроризмге колдоо берди» деген негиз менен санкция жасаларын жарыялады.

Иран тышкы иштер министрлигинин интернет сайтынан орун алган кабарда АКШ тарабынан бир тараптуу түрдө Иран менен байланышы болгон киши жана фирмаларга жасалган эмбарголордун эл аралык эрежелер жана Иран менен түзүлгөн Кенен орток кыймыл планына тескери экендиги белгиленди.

Израилде коопсуздук курал жана курулуш тармактарында иш алып барган АКШ 15 фирманын 2017 – жылдан 21 -  марттан баштап Ирандын санкция тизмесине киргендиги билдирилген маалыматта сөзү болгон фирмалар менен соода карым – катнашына тыюу салынгандыгы жана жетекчилерине же алар менен байланышы болгон кишилерге виза берилбей тургандыгы белгиленди.

Маалыматта : «Израиль жана терроризмге колдоо берди» деген негиз менен санкция жасала турган АКШ 15 фирмасынан кээ бирлери Bent Tal, United Technologies Products, ITT Corporation, Raytheon, Re/Max Real Estate, Magnum Research Inch, Oshkosh Corporation, Kahr Arms жана Elbit System деп белгиленди.



Тектеш кабарлар