Орусиялык туристтердин тандоосу Түркия

Май айында Түркияда эс алгысы келген туристтердин саны арбын

696136
Орусиялык туристтердин тандоосу Түркия

Орусиялык туристтердин май айында чет өлкөдө эс алуу пландарында Түркия чоң айырма менен алдыда турат.

Орусиянын федералдык туризм агенттиги (Ростуризм) өлкөнүн алдыңкы тур операторлорунан алып берген маалыматына караганда, жалпы резервациянын 32 пайызын түзгөн Түркия май айында орусиялык туристтердин көздөгөн жери болмокчу.

Орустардын май айына карата эс алуу талабынын быйыл 2016-жылга салыштырмалуу 12 пайыз көбүрөөк экени билдирилди.

Туризм секторунун жооптуу кызматкерлери, үстүбүздөгү жылдын январь айында 2016-жылга салыштырмалуу 81 пайыз өсүү менен 40 миң 124 кишиге жеткен орусиялык туристтердин саны быйыл орто эсеп менен 3 миллионго жетишин күтүп жатышат.



Тектеш кабарлар