Кол салган кылмышкер Англияда туулган

Тереза Мэй, өкүлдөр палатасындагы сөз сүйлөөсүндө кылмышкердин радикалдык ой-пикирлеринин себебинен мындан мурда Англиянын чалгындоо кызматы MI5 тарабынан суракка алынганын айтты.

697927
Кол салган кылмышкер Англияда туулган

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй, кечээ парламенттин тышында болгон террордук кол салууну кылган кылмышкердин Англияда туулган жана кылмышкерлер тизмесинде болгонун жарыялады.

Тереза Мэй, өкүлдөр палатасындагы сөз сүйлөөсүндө кылмышкердин радикалдык ой-пикирлеринин себебинен мындан мурда Англиянын чалгындоо кызматы MI5 тарабынан суракка алынганын айтты.

Кол салууда бирөө полициядан турган үч киши каза тапканын айткан Мэй, каза болгондордун жакындарына кайрат айтты жана жаралуу эки полициянын да абалы оор экенин белгилеп кетти.

Мэй, жаралуулардын арасында 12 англис, 3 француз, 2 румын, 4 түштүк кореялык, 2 грек, 1 немис, 1 кытай, 1 ирландиялык жана 1 итальян бар экенин маалымлады.

Англиянын премьер-министри кол салуунун дүйнөнүн ар тарабындагы эркин адамдарга жасалган кол салуу болгонун айтып, максатталганы сыяктуу демократиянын жолдон чыкпаганын, парламенттин ишин улантканын баса белгиледи.

Террор коркунучу деңгээлин өзгөртпөй тургандарын билдирген Тереза Мэй, кол салууга бериле турган эң туура жооптун адамдардын күнүмдүк турмуштарын улантышы экенин айтты.

Мэй: «Англия бул коркунуч менен чөгөтүлө албайт»,-деди.

Мэй полициянын түнү менен жүргүзгөн издөөлөрүндө 8 киши кармалганын билдирди.

Буга кошумча кандуу кол салуунун жоопкерчилигин террор уюму ДЕАШ моюнга алды.



Тектеш кабарлар