Түндүк Корея ракетасын сынады

Түндүк Корея бүгүн эрте менен ийгиликсиз бир ракета сынагын өткөрдү

696908
Түндүк Корея ракетасын сынады

Ракетанын сыналгандыгын Түштүк Кореянын коргонуу боюнча жетекчилери жарыялады. Кайда ишке ашкандыгы билдирилбеген тестте учурулган ракета экинчиси  даярдалып жатканда жарылды. Америка армиясы да ракета көрүнгөн учурда жарылгандыгын билдирди.

Түндүк Корея тесттен көптөгөн саат мурда АКШны коркуткан  билдирүүлөрдү берген. АКШ менен согушка даяр экендигин жана кандайдыр бир коркуу сезишпегендерин жарыялаган болчу. Маалымат өткөн жумада АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсондун Пхеньян башкаруусун ачык эскерткен сөздөрүнөн кийин келди.

Түштүк  Корея  - Түндүк Кореянын чек арасындагы Паньмынычжоне айылына барган Тиллерсон бул жерде Түндүк Кореяга аскердик кыймыл жолунун караларын жана эми стратегиялык сабырдын түгөнүп бара жаткандыгын айткан болчу. Түндүк Корея кечээ да АКШ буталары атылган жаңы бир пропаганда видеосун жарыялаган болчу.

Акыркы болуп жуманын акырында ракеталык моторун тест кылган Түндүк Корея бул айдын башында бир эле учурда көп сандаган ракетаны чыгыш жагындагы Вонсандан учурган болчу. Көрүнүштөрү  дүйнөгө жарыяланган тестте аралыгы 1000 километрге жеткен ракеталардан кээ бирлери Япония сууларына түшкөн. Ракеталар АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуусу учурунда учурулган.

Пхеньян башкаруусунун кандайдыр бир ракета же ядролук тест кылышына БУУму тарабынан тыюу салынды, бирок  Түндүк Корея дүйнөнү ойлоп да койбойт. Пхеньян башкаруусу учурган ракета саны белгисиз.



Тектеш кабарлар