Түштүк Суданда учак кырсыкка учурады

Учактагы 44 кишиден көпчүлүгүнүн каза тапкандыгы болжолдолууда

695544
Түштүк Суданда учак кырсыкка учурады

Түштүк Суданда бир жүргүнчү учагы кырсыкка учурап учактагы 44 кишиден көпчүлүгүнүн каза болгондугу болжолдолууда. Түштүк Суданга таандык кичинекей жүргүнчү учагы борбор шаар Жубадан Уэйб шаарына бара жаткан. Учак Уэйд шаарындагы аэропортко конуп жатып кырсыкка учураган. 

Кырсык тууралуу расмий маалымат берилбестен аймактагы саламаттык сактоо кызматкери учактын урандыларынан чыгарылган жаралуу 17 кишинин ооруканага жаткырылгандыгын белгиледи. 

 

 

 



Тектеш кабарлар