Орусия 14 - апрелде боло турган жолугушууларга АКШны да чакырды
Жолугушууга беш Орто Азия өлкөсү да катышат
Орусия 14 - апрелде борбор шаар Москвада өткөрүлүшү пландалган Афганстан тема болгон жолугушууларга АКШны да чакырды.
Орусиянын президенти В. Путиндин Афганстан атайын өкүлү Замир Кабулов орус басма сөзүндө орун алган маалыматында : «Февраль айында бардык аймак өлкөлөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрдүк. 14 – апрелде жыйындын масштабын кеңейтебиз. Беш Орто Азия өлкөсү жана АКШ өкүлдөрүн чакырдык»,- деди.
Орус дипломат АКШнын жыйынга катышуусун азырынча ырастабагандыгын билдирди. Талибандын сүйлөшүүлөргө ташыпай тургандыгын белгилеген Кабулов : «Бул сүйлөшүүлөргө өкмөт жана мамлекет өкүлдөрү катышууда. Талибан кыймылы болсо бир өкмөт эмес. Бирок сүйлөшүүлөрдүн борборунда афган өкмөтү менен Талибандын ортосундагы улуттук өнүгүшү үчүн кылган аракеттерин координацияланышы болот»,- деди.
15 - февралда Москвада өткөрүлгөн Афганстан тема болгон диалог жыйынына Орусия, Пакистан, Кытай, Иран, Индия жана Афганстандан жетекчилер катышкан болчу. 14 - апрелде өткөрүлүшү пландалган жыйынга болсо 12 өлкөдөн өкүлдөрдүн катышары күтүлүүдө.