Нидерландиянын корккону Стамбулда салынып жаткан үчүнчү аэропорт

Ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жана уланта турган Түркиядан Европа өлкөлөрү коркуп жатышат

693484
Нидерландиянын корккону Стамбулда салынып жаткан үчүнчү аэропорт

Нидерландиянын каржы министри Йерун Дайселбулум Стамбулда салынып жаткан үчүнчү аэропорт ачылса, Амстердамдагы Схипхол аэропортун чоң чыгымга учура турганын айтты.

Явуз Султан Селим көпүрөсү, Канал Стамбул, Үчүнчү аэропорт жана эки материкти деңиздин астынан байланыштырган туннель жолу менен ири долбоорлорду ишке ашырып жаткан жана уланта турган Түркиядан Европа өлкөлөрү коркуп жатышат.

Бир телеканалдын программасына телефон аркылуу байланышып катышкан Нидерландиянын каржы министри Йерун Дайселбулумдан болсо моюнга алуу сыяктуу билдирүү айтылды.

Дайселбулум: «Амстердам аэропорту жылына 55 миллион жүргүнчүнү тосуп алгыдай көлөмгө эгедер. Стамбулда ачыла турган 3-аэропорт бизге 25 пайыздан көп таасирин тийгизет. Бул да Нидерландия экономикасы үчүн өтө коркунучтуу абал. Балким миллиондогон евро колубуздан учуп кетет»,-деди.



Тектеш кабарлар