Ирактагы коалиция аскер саны азайтылат

Премьер - министр Хайдар ел  - Ибади Мусулду ДЕАШтан куткаруу операциясынын аяктоосу менен коалиция аскер санынын азаярын жарыялады

693746
Ирактагы коалиция аскер саны азайтылат

Ирактын премьер – министри Хайдар ел  - Ибади өлкөсүндөгү АКШнын жол башчылыгындагы эл аралык коалиция күчтөрүнө таандык аскер санынын Мусулду ДЕАШтан куткаруу операциясынын аяктоосу менен  азаярын жарыялады.

Ибади кээ бир чет элдик медиа органдарына берген маалыматында ДЕАШтын 2014 -  жылы 10 -  июнда колго алуусунан кийин мезгилдин премьер – министри Нури ел  -  Маликинин АКШ күчтөрүн Иракка кайра чакыргандыгын эске салып : «Өкмөт   террор менен күрөшүүнү эл аралык деңгээлге чыгарды. Террор менен күрөшүүнү кеңейтип, дагы да күчтөндүрдүк»,- деди. Ибади ошол эле учурда Иракка жардам берүүнү каалаган бир топ мамлекеттин да каалагаларын ачкандыгын белгиледи.

Ирактын премьер – министри өлкөсүндө 5 миң аскери болгон АКШдан армияны жана жергиликтүү полиция күчтөрүн дагы жакшы машыктыруусун суранды.

АКШга саякатка тыюу салынган 7 өлкөнүн арасында орун алган Ирактын тизмеден чыгарылышына да токтолгон Ибади : «Вашингтонго барууну күтүп жатабыз. Ирактын ал тизмеден чыгарылышы үчүн чыгарган  атайын чечимден улам президентке рахмат айтабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар