АКШ Түндүк Кореяга карата мамилесин катуулаштырууда

АКШнын тышкы иштер министри Тиллерсон : «Албетте абалдын аскердик кагылышууга айланышын каалабайбыз»,- деди

693953
АКШ Түндүк Кореяга карата мамилесин катуулаштырууда

АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон Түндүк Кореянын ядролук курал программасын токтотпосо бул өлкөгө аскердик кийлигишүү болорун айтты. Расмий сапар менен Түштүк Кореяга барган америкалык министр Сеулда кесиптеши Юн  Бен Се менен биргелеше пресс – жыйын өткөрдү.

Рекс Тиллерсон Түндүк Кореянын ядролук курал программасына байланыштуу : «Сабыр стратегиясы аяктады... Бир топ дипломатиялык, коопсуздук жана экономикалык чара издеп жатабыз. Бардык жолдор столдо»,- деди.

АКШнын тышкы иштер министри Тиллерсон : «Албетте абалдын аскердик кагылышууга айланышын каалабайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар