Женевада тараптар алгач ирет түздөн-түз жолугушту

Мистура Женевадагы Сирия тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 4-айлампасынын бүтүрүлүшүнөн кийин БУУнун коопсуздук кеңешин маалыматтандырды.

687932
Женевада тараптар алгач ирет түздөн-түз жолугушту

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура, Швейцариянын Женева шаарындагы Сирия тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 5-айлампасынын 23-мартта баштала турганын жарыялады.

Мистура Женевадагы Сирия тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 4-айлампасынын бүтүрүлүшүнөн кийин БУУнун коопсуздук кеңешин маалыматтандырды.

Кеңештеги жыйналыштан кийин журналисттерге маалымат берген Мистура, Женевада 9 күнгө созулган 4-айлампа сүйлөшүүлөрүнөн «укмуштуулукту» күтпөгөндөрүн бирок эч кимдин үстөлдөн туруп кетпегенин жана эч божомолдонбогон ийгиликке жетишкендерин айтты.

Тараптардын алгач ирет бир бөлмөдө жолуккандарын жана чечүүчү жол табуу темасында олуттуу экендиктерин белгилеген Мисутра, мындан кийинки айлампада башкаруу, конституциялык процесс, шайлоолор жана террор менен күрөшүүнүн карала турганын мааымдады.

5-айлампанын 23-мартта баштала турганын айткан Мистура, сүйлөшүүлөрдүн дагы бир топко дейре түздөн-түз эмес кыйыр түрдө жүргүзүлө турганын белгилеп кетти.

Казакстандын борбор калаасы Астанада боло турган жолугушууларда болсо ок атышпоону бузуулардын карала турганын түшүндүргөн Мистура, күчтүү ок атышпоо болбосо тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бекем болбой турганы боюнча эскертти.

Мистура Астанадагы техникалык сүйлөшүүлөргө өзүнүн катышпай турганын айтты.

Түркиянын башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акардын орус кесиптеши Валерий Герасимов жана АКШлык кесиптеши Жосеф Данфорд менен Антальядагы жолугушуусуна да токтолгон Мистура, бул үчтүк саммиттин террор менен күрөшүү үчүн маанилүү жыйналыш болгонун кошумчалады.



Тектеш кабарлар