Йеменде кол салуулар
Кол салууда 4 киши каза болуп, 5 киши жараланды
686249
Йемендин түштүк батышындагы Таиз шаарында өкмөткө каршы хусилер менен кулатылган лидер Али Абдуллах Салих жактоочулары жасаган бомбалуу кол салууда 4 киши каза болуп, 5 киши жараланды.
Еш – Шенини базарын бутага алган кол салууда каза болгондордун бирөөсүнүн жаран экендиги белгиленди. Айрыкча хусилердин Тибе Ел – Векил аймагында бир үйгө карата жасалган бомбалуу кол салууда өкмөткө караштуу Элдик каршы чыгуу күчтөрүнө мүчө 3 киши каза тапты.
Хусилер тарабынан бир жылдан ашуун убакыттан бери курчоого алынган Таиз шаары бомбалоолорго дуушар болууда.