Анкара-Берлин алакаларында чыңалуу

Анкара-Берлин багытында телефон сүйлөшүүлөрү уланып жатат

686062
Анкара-Берлин алакаларында чыңалуу

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акыркы 4 күндөгү үчүнчү телефон сүйлөшүүсүндө, түрк саясатчы жана министрлердин Германияда өткөрүлүшү пландалган жарандар менен жолугушуусу каралды.

Тышкы иштер министр Чавушоглу немис кесиптешине, бул жолугушууларга тоскоол болуулар жана токтотуп коюулар темасындагы Түркиянын тынчсыздануусун билдирди.

Министр Чавушоглунун бүгүн Германиянын Гамбург шаарында сөз сүйлөй турган «Plaza Event Center» аттуу зал өрткө каршы жетиштүү коргой албайт деген себеп менен алмаштырылган болчу.

Бул учурда Чавушоглунун сөз сүйлөөсү үчүн башка залдын суралганы бирок мунун бүгүн тактала турганы айтылды.

Акыркы күндөрдө тез-тез телефон сүйлөшүүсүн өткөрүп жаткан эки министрдин эртең Германиянын борбор шаары Берлинде жолугушуусу күтүлүүдө.

Адилет министри Бекир Боздаг менен экономика министри Нихат Зейбекчинин Германияда өткөрүүнү пландаган жарандар менен жолугушуусунун токтотулушу Анкара-Берлин багытында чыңалуу жараткан болчу.



Тектеш кабарлар