Нетаньяху Орусияга сапар менен барат

Израиль өкмөтүнүн катчысы Офир Гендельман Нетаньяхунун Москва сапарында президент В. Путин менен жолугушарын белгиледи

685547
Нетаньяху Орусияга сапар менен барат

Израилдин премьр – министри Беньямин Нетаньяху расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн 9 -  мартта Орусияга барат. Израиль өкмөтүнүн катчысы Офир Гендельман берген жазуу түрүндөгү маалыматында Нетаньяхунун Москва сапарында  президент В. Путин менен жолугушарын белгиледи. Жолугушууда : «Сирия кризиси менен Ирандын Сирияда болушу» деген теманын караларын билдирген Гендельман Ирандын Сирияда өзүн күчтөндүргөндүгүнө көңүлдөрдү бурду.

Офир Гендельман : «Иран Сириядагы аскерлери менен Голан дөңсөөлөрүнөн Израилге каршы фронт ачууга аракет кылууда»,- деди.

Израиль Сирияда жарандык согуш башталган 2011 -  жылдан бери Голан дөңсөөлөрүнүн Сирия тарабынан ракеталардын атылгандыгын ортого салуу менен белгилүү аралыктар менен Сирия жерлерине жана бул жерде иш алып барган Иран колдогон Хизбуллах күчтөрүнө карата операцияларды жүргүзүүдө.

Нетаньяхунун Москва саякаты президент Р. Т. Эрдогандын 9- 10 -  марттагы сапары менен бир убакка туш келүүдө. Орус Спутник кабар агенттигинин билдиргенине караганда Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Путиндин 9 -  мартта Нетаньяху менен, 10 -  мартта да Эрдоган менен жолугушуу өткөрөрүн билдирди. Песков берилген суроолор боюнча үч тараптуу саммиттин пландалгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар