Иракта болгон кол салууда 1 киши каза болуп, 22 киши жараланды
Жерф ен - Неддаф аймагында да курал менен өлтүрүлгөн бир жаш жигиттин сөөгү табылды
Ирактын борбор шаары Багдатта болгон жарылууда 11 киши каза болуп, 22 киши жараланды. Багдат коопсуздук директорлугунан берилген маалыматта коопсуздук күчтөрүнүн Ет – Таримиййе районунда куралдуу 3 киши жашап жаткан үйдү блокадага алгандыгы, бомбаны үйдүн тышында жардыруусу менен бул киши менен бирге 3 жарандын каза болгондугу, 5 кишинин да жаралангандыгы билдирилди.
Башка куралдуу 2 кишинин болсо коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөндүгү белгиленди.
Ер – Рыдваниййе аймагында да бир базарга жакын жерде жардырылган бомба 2 кишинин каза болушуна, 11 кишинин жараланышына себеп болду.
Ел Хан аймагындагы балыкчылар базарында болсо бомбанын жарылуусу менен 2 киши каза болуп, 6 киши жараланды.
Жерф ен - Неддаф аймагында да курал менен өлтүрүлгөн бир жаш жигиттин сөөгү табылды.