Орусиялык министр маалымат берди

Шойгу Москвадагы Эл аралык мамилелер университетинде өткөрүлгөн форумда сөз сүйлөдү

677457
Орусиялык министр маалымат берди

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, НАТОго жетекчилик кыла алаарын белгилеген Түркия менен кызматташуунун аймактык ырааттуулукка колдоо көрсөтүлүшү жагынан маанилүү экенин айтты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Москвадагы Эл аралык мамилелер университетинде өткөрүлгөн форумда сөз сүйлөгөн Шойгу, Түркия менен кызматташуу жана НАТО темасында маалымат берди.

Түркия менен аскердик техника кызматташуусу тармагында чоң иш-чара жүрүп жатканын жана буга эки өлкөнүн башкаруучулугу тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеген Шойгу, Түркиянын терроризмге каршы коалиция түзүлүүсү темасында НАТОго жетекчилик кыла алаарын айтты.

НАТО менен дүйнөлүк коопсуздук боюнча диалогго даяр экендиктерин сөз кылган Шойгу, НАТОнун Орусия чек арасындагы аскердик бөлүгүн көбөйтүүсүн улантып жатканын сөз кылды.

Орусиянын коргоо министри өлкөсүнүн дүйнөлүк курал-жарак экспортунда экинчи орунда турганын да белгилеп, 60тан ашуун өлкөгө орто эсеп менен 15 миллиард доллардык курал-жарак саткандары жөнүндөгү маалыматты бөлүштү.



Тектеш кабарлар