ДЕАШ Мусулда бир мектепти атты

Кол салууда 3 бала каза болду

677955
ДЕАШ Мусулда бир мектепти атты

Ирактын Мусул шаарынын чыгышында ДЕАШ  бир башталгыч мектепке учкучсуз аба унаасы менен кол салып, 3 бала каза болду.

Террор менен күрөшүү бөлүгүндө кызмат кылган майор  Мухаммед Рыза ел  -  Верди берген маалыматында ДЕАШтын шаардын чыгышында Ер – Рифак мааласындагы Яфа башталгыч мектебине  учкучсуз аба унаасы менен кол салгандыгын айтты.

Сабак учурунда жасалган кол салууда бирөөсү жети жашта, экөөсү он жашта болгон үч окуучунун каза болгондугун билдирген Верди окуя болгон жерге барган коопсуздук күчтөрүнүн башка окуучуларды мектептен чыгаргандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар