Сомалиде жаралуулардын саны артты

Сомалинин борбор шаары Могадишодо жасалган бомбалуу кол салууда каза болгондордун саны 32ге жетти

676405
Сомалиде жаралуулардын саны артты

Сомалинин борбор шаары Могадишодо кечээ бир элдик базардын жакындарында жасалган бомбалуу кол салууда каза болгондордун саны 32ге жетти.

Сомалидеги кол салуу болгон Вадажир аймагынын коопсуздук жооптуусу Абдуллах Ахмед Афрах кечээ бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда араларында сомалилик аскерлер да болгон 32 кишинин каза болгондугун, 50гө жакын кишинин жаралангандыгын билдирди. Афрах жарылуунун таасири менен тегеректеги көп сандаган имарат жана иш жеринде материалдык чыгымдын пайда болгондугун белгиледи.

Комиссар Адах Хажи да кол салуудан кийин башталган операцияда террордук уюм Еш – Шебаб мүчөсү экендигинен шектенилген 4 кишинин коопсуздук күчтөрү тарабынан камоого алынгандыгын билдирди. Жетекчилер андан мурда берген маалыматында окуяда биринчи белгилөөлөргө караганда 20 кишинин каза болгондугу, ондогон кишинин жаралангандыгын белгилеген болчу. Бир тараптан Сомалинин жаңы шайланган президенти Мухаммед Фермажу түнкү сааттарда ооруканада дарыланып жаткан жарылууларды барып көрдү.

 



Тектеш кабарлар