Ооганстандагы суук аба ырайынын кесепети

Суук аба ырайы 25 баланын каза болушуна себепчи болду.

675750
Ооганстандагы суук аба ырайынын кесепети

Ооганстандын түндүгүндө эки күндөн бери жаап жаткан кар жана суук аба ырайы 25 баланын каза болушуна себепчи болду.

Фарияб аймагынын коопсуздук боюнча башчысы Амануллах Зафар Фариябдын Кохистан, Карамкол, Андхой, Пештун Кот, Билчираг жана Абад райондорунда кардын калың жаашынын себебинен 30 чабандан да дайын жок экендигин айтты.

6 кишинин жаракат алганын белгилеген Зафар, суук абанын айынан миң малдын да кырылып калганын баса белгиледи.

Оонанстандын Сары Пул, Дайкунди жана Бамьян аймактарында күчөгөн кар жаашынан улам ондогон айылга жолдор жабылып калды.

Буга чейин да өлкөнүн Нуристан аймагында кар көчкү жүрүп, ондогон адам сууктан тоңуп каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар