Д витамининин жетишсиздиги эмнеге алып келет?

Д витамининин жетишсиздиги көптөгөн ооруга чалдыгуу коркунучун арттырат

676025
Д витамининин жетишсиздиги эмнеге алып келет?

Англиялык илимпоздор Д витамининин сасык тумоо, суук тийгизүү жана жөтөлгө кабылуу коркунучун 50 пайыз азайтканын билдиришти.

Өлкөдө Д витаминин нанга кошуу мүмкүнчүлүгү талкууланып жатканда, мунун негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинде чоң өлчөмдө үнөмдөө болоору да айтылууда.

Д витамини күндүн нурунда жана айрым эт азыктарында болот.

Сөөктүн өсүшүнө зарыл болгон Д витамининин жетишсиздиги, жүрөк ооруларынан рак илдетине чейин, диабеттен альцгеймер оорусуна чейин көптөгөн ооруга чалдыгуу коркунучун арттырууда.

Илимпоздор 14 өлкөдө 11 миң кишиде жүргүзгөн изилдөөдө, Д витамини жетишсиз болгондордун дем алуу жолдорунун оорусуна кабылуу коркунучун иликтешти.  

Айрым илимпоздор кошумча Д витаминин ичүү грипп вакцинасынан дагы да пайдалуу болоорун жакташууда.

Дүйнө жүзүндө жыл сайын пневмония сыяктуу дем алуу жолдорунун ооруларынан 2 жарым миллион адам каза болот.



Тектеш кабарлар