Кытайда куш тумоосу

Кытайда куш тумоосунан 106 адам каза тапты

674692
Кытайда куш тумоосу

Кытайдын Улуттук ден-соолук жана үй-бүлөнү пландоо комитетинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн жалпысында декабрь айынан бери куш тумоосу вирусун (H7N9) жугузуп алган 359 адамдан 106сы көз жумду.

Чжэцзян, Хунань, Сычуань жана Гуандун аймактарында эпидемия күч алгандыктан үй канаттууларынын азыктарынын соодасына тыюу салынды.

Адистер H7N9 вирусунун канаттуулардан адамдарга жукканын, бирок адамдардан адамдарга жукпай турганын баса белгилешүүдө. Куш тумоосу катталган аймактарда катуу чаралар көрүлүп жатканына карабастан бул оору жаз жана кыш айларында берки айларга салыштырмалуу ылдам жайылууда.

Кытайда H7N9 вирусу алгач ирет 2013-жылдын март айында катталган болчу.



Тектеш кабарлар