Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү

Ок атышпоолордун текшерилиши үчүн биргелешкен комиссия түзүү чечими чыгарылды

674539
Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү

Казакстандын борбор шаары Астанада үчүнчүсү өткөрүлгөн Сирия жыйынында Түркия, Орусия жана Иран ок атышпоолордун текшерилиши үчүн биргелешкен комиссия түзүү чечимин чыгарды. Тараптар техникалык сүйлөшүүлөрдү борбор шаар Анкарада улантат.

Орусиянын президенти В. Путиндин Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентиев өткөргөн пресс – жыйнында биргелешкен комиссия түзүү чечиминин маанисине токтолуп : «Бул группа өзгөчө ок атышпоолорду текшерет. Айрыкча саясий процесс тууралуу ар башка иштерди алып барат»,- деди. Лаврентиев  тараптардын азырынча үнсүз экендигин, бирок бул жолугушуулардын тараптардын позициясын бири бирине жакындатуусуна ишенишкендерин билдирди. Режим жана оппозициячылдардын өкүлү Мухаммед Аллуш да сүйлөшүүлөрдө ок атышпоо эрежелерин бузууларды текшерүү механизми жана  камоодогулардын эркин койо берилишин карап чыгышкандарын айтты. Аллуш механизм тууралуу иштердин улантылышы боюнча макулдашышкандарын жана сүйлөшүүлөрдүн Анкарада улантыларын айтты.

Сүйлөшүүлөргө катышкан Башар Асад режиминин БУУдагы туруктуу өкүлү Бешар ел -   Жафери  пресс – жыйынында Астанадагы жолугушуулардын Швейцаринын Женева шаарында боло турган сүйлөшүүлөр үчүн маанилүү кадам болгондугун белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн түшүмдүү өткөндүгүн айтты.

Астана жыйынынын биринчиси  Түркия жана Орусиянын жол башчылыгында 23 – 24 -  январь күндөрү өткөрүлгөн. Эки өлкөнүн гарантерлугунда 30 -  декабрда жарыяланган ок атышпоолордун күчтөндүрүлүшү күн тартиби менен чогулган делегация ок атышпоолрду текшерүү үчүн Иран да болгон үч тараптуу механизмдин курулушу тууралуу келишкен болчу. 6 -  февралдагы экинчи жыйында болсо үч тараптуу механизм тууралуу техникалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар