Женевада Сирия тууралуу сүйлөшүүлөр ушул айда башталат
Стаффан де Мистуранын катчысы Яра Шариф, Анадолу агенттигине берген маалыматында сүйлөшүүгө катыша турган делегациялардын 20-февралга дейре Женевага барып Де Мистура менен кеңеше тургандарын айтты.
Бириккен Улуттар Уюму Швейцариянын Женева шаарында 20-февралда өткөрүлүшү пландалган Сирия темалуу сүйлөшүүлөрдүн 23-февралда баштала турганын жарыялады.
БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын катчысы Яра Шариф, Анадолу агенттигине берген маалыматында сүйлөшүүгө катыша турган делегациялардын 20-февралга дейре Женевага барып Де Мистура менен кеңеше тургандарын айтты.
Шариф, Мистуранын Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн дипломатиялык иш-чараларын активдүү түрдө улантканын жана катышуучуларга чакырыктардын кечээтен баштап жиберилгенин баяндады.
Атайын өкүл Де Мистура, өткөн айдагы маалымдоосунда Женевада 8-февралда өткөрүлүшү пландалган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 20-февралга жылдырылганын айткан.
Бир тараптан катчы Шариф 15-16-февраль күндөрүндө Астанада өткөрүлүшүү пландалган Сирия сүйлөшүүлөрүнө да Мистуранын катышып же катышпай турганы темасы тактала электигин, бул темада кандайдыр бир тастыктоо жасай албай турганын айтты.