Түндүк Кореянын ракета сыноосу

Түндүк Корея жекшемби күнү болгон жана эл аралык коомдун каршы чыгуусуна себеп болгон ракета сынагынын ийгиликтүү болгондугун билдирди

671407
Түндүк Кореянын ракета сыноосу

Түндүк Корея жекшемби күнү болгон жана эл аралык коомдун каршы чыгуусуна себеп болгон ракета сынагынын ийгиликтүү болгондугун билдирди.

Түндүк Кореянын расмий KCNA агенттигинин кабарында Pukguksong-2нин “кургактыктан кургактыкка, орточо  - узун аралыктуу баллистикалык ракета» өзгөчөлүгүнө ээ экендиги белгиленди.

Сыноонун Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг -  ундун көзөмөлүндө өткөрүлгөндүгү, коңшу өлкөлөргө көңүл буруу менен  бийиктиктен атылган Pukguksong-2нин атомдук согуш дүрмөтүн ташуу көлөмүнө ээ экендиги белгиленди.

KCNA айрыкча Кимдин «өлкөнүн чоң күчүнө салымын кошкон» сыноону абдан чоң ыраазычылык менен кабыл алгандыгын жарыялады. Түркия Түндүк Кореянын бул сыноосун айыптагандыгын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар