Жырткыч пил бир кишини өлтүрдү

Кытайда жырткыч пил бир кишинин өлүмүнө себеп болду

669880
Жырткыч пил бир кишини өлтүрдү

Кытайдын түштүгүндө болгон пилдин кол салуусунда 1 кишинин каза болгондугу, кол салуудан кийин жоголгон 1 кишинин да изделип жаткандыгы билдирилди.

Синьхуа агенттигигинин кабарына караганда Юннан аймагында жырткыч пил  жумушчуларга кол салды. Аймактын Жинхонг шаарындагы каучук дарактын көчөттөрүн өстүргөн жердеги пилдин кол салуусунда жумушчулардан бирөөсүнүн даракка чыгып жардам сурагандыгы белгиленди.

Жетекчилер билдирүү боюнча аймакка барган куткаруу тобунун бир жумушчунун сөөгүнүн табышкандарын, бирөөсүнүн азырынча табыла электигин жарыялады. Жоголгон жумушчу үчүн адамсыз аба унаалары менен аймакта изилдөө иштеринин улантылгандыгы билдирилди.

Жырткыч Азия пилдери Кытайда коргоо астына алынган.



Тектеш кабарлар