Мадонна эгиз кыздарды асырап алды

Мадонна Африка өлкөсү Малавиден эгиз кыздар Эштер жана Стелланы  асырап алды

669197
Мадонна  эгиз кыздарды асырап алды

Экөөсү биологиялык, экөөсү асыранды болуп 4 баласы болгон америкалык ырчы Мадонна үй бүлөсүн чоңойтту. Мадонна Африка өлкөсү Малавиден эгиз кыздар  Эштер жана Стелланы  асырап алды. Ушундайча Мадоннанын Малавиден алган бала саны төрткө жетти. Мадонна асырап алган Эштер жана Стелла менен түшкөн биринчи сүрөтүн өз социалдык медиа  эсебинен бөлүштү.

Америкалык ырчы : «Расмий түрдө билдире алам, малавилик эгиз кыздарды асырап алуу процедурасы аяктады жана эми алар да менин үй бүлөмдүн мүчөсү болгону үчүн абдан кубанычтамын»,- деди.

Мадоннанын Карлос Леондон төрөлгөн 21 жаштагы кызы Мария менен Гай Ричиден төрөлгөн 17 жаштагы уулу Рокко болуп эки биологиялык баласы бар. Белгилүү ырчы Ричи менен 2006 -  жылы 1 жашындагы Дэвид Банданы, 2009 -  жылы да 2006 – жылы туулган Мерси Жеймсти асырап алган.

 

 



Тектеш кабарлар