Индонезиядагы жер көчкүдө 7 киши каза болуп, 4 киши жараланды
Индонезиянын Ортоңку Жава аймагында өткөн жылы июнь айында болгон жер көчкүдө 60тан ашуун киши каза болгон болчу
669568
Индонезия агенттиги Антаранын кабарына караганда өлкөнүн чыгышында жайгашкан Бали аралынын Сонган айылында жер көчкү болду. Жер көчкүдө 7 киши каза болуп, экөөсү оор болгон 4 киши жараланды. Изилдөө – куткаруу иштери аяктаган аймакта тазалоо иштери улантылууда. Токтобогон жамгыр жаашынан улам кайрадан жер көчкүнүн болушу тууралуу аймак калкы эскертилди.
Индонезиянын Ортоңку Жава аймагында өткөн жылы июнь айында болгон жер көчкүдө 60тан ашуун киши каза болгон болчу.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.