АКШда туруксуз аба ырайы

Авто жолдордордо кырсыктар катталып, 3 миңге жакын учак каттамы да жоюлду.

669548
АКШда туруксуз аба ырайы

АКШнын түндүк-чыгышындагы калың кар жана катуу шамал жашоого терс таасирин тийгизип жатат.

Туруксуз аба ырайы Нью-Йорк, Коннектикут, Род-Айленд жана Нью-Джерси сыяктуу көптөгөн отурукташуу жерлеринде таасирдүү болууда.

Бул аймактарда жашаган орто эсеп менен 50 миллион адам ыңгайсыз аба шарттарынан терс таасир алды.

Кар жаашы жана шамалдын айынан көптөгөн шаарда мектептер эс алууга чыкты.

Авто жолдордордо кырсыктар катталып, 3 миңге жакын учак каттамы да жоюлду.

Туруксуз аба ырайынын себебинен Нью-Йорктогу БУУнун башкы борбору да ишине тыныгуу берди.

Авто жолдордо тазалоо иштери тынымсыз уланып жатса, аймактын жооптуу кызматкерлери жарандарды унааларын айдап чыкпоо боюнча эскертишти.



Тектеш кабарлар