Сирияда өлүм жазалары жашыруун аткарылууда

3 миң кишинин өлүм жазасына тартылгандыгын билдирди

667402
Сирияда өлүм жазалары жашыруун аткарылууда

Эл аралык Амнистия уюму  Сириядагы абактарда оппозициячылдарга колдоо берген 13 миң кишинин өлүм жазасына тартылгандыгын билдирди. Адам укуктары тармагында иштерди жүргүзгөн уюмдун жаңы отчетунда 2011 – жылдын ноябрь айынан 2015 -  жылдын ноябрь айларынын арасында Сайданая абагында ар жума сайын топ түрүндө кылмышкерлердин өлтүрүлгөндүгү билдирилди.

Амнистия уюму өлүм жазаларынын Сирия өкмөтүнүн жогорку мартабалуу кишилери тарабынан бекитилгендигин белгиледи. Сирия режими өлтүрүү же камактагы кишилерге жаман мамиле кылынгандыгы тууралуу ойлорду жалганга чыгарып жаткан.

Амнистия уюмунун отчет үчүн араларында мурунку абак күзөтчүсү, камоого алынган жана абактын жетекчилери да болгон 84 киши менен сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди. Ушуга караганда жума сайын, анча мынчада эки жумада бир болуу менен 20 – 50 кишиден турган топтордун толугу менен жашыруундук ичинде  борбор шаар Дамасктын түндүгүндөгү абакта өлүм жазасы аткарылды. Отчетто өлүм жазасынын аткарылышынан мурда камоого алынган кишилердин Кабун аймагында  1 – 3 минутага созулган аскердик сотко чыгарылгандыгы белгиленди.

Амнистия уюмунун отчетунда орун алган мурунку аскердик сот камоого алынгандардан кылмышты жасап же жасабагандыгы суралганда алардын жообу «ооба» же «жок» болсо да жоопко тартылгандыгын белгиледи. Сот бул соттордун укуктун үстөмдүгү менен байланышынын жок экендигин да сөздөрүнө кошту.

Болгондордун согуштук кылмыш болуп эсептелгендигин белгилеген Амнистия уюму январь айынын баштарында айтылгандарга байланыштуу сириялык жетекчилер менен байланышка өтүүнү каалашкандарын, бирок жооп ала алышпагандарын билдирди.



Тектеш кабарлар