Орусияда аба күчтөрүндө "күтүлбөгөн текшерүү"

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу «күтүлбөгөн текшерүүнүн» башталгандыгын жарыялады

667289
Орусияда аба күчтөрүндө  "күтүлбөгөн текшерүү"

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент В. Путиндин буйругу менен аба күчтөрүндө «күтүлбөгөн текшерүүнүн» башталгандыгын жарыялады.

Шойгу орус басма сөзүндө орун алган маалыматында күтүлбөгөн текшерүүнүн негизинде абадан коргонуу системалары менен аба күчтөрүнүн ыктымалдуу кол салууну алдына алуунун текшерүүгө алынарын жана ушунун негизинде кээ бир машыгуулардын болорун белгиледи.

Орус армиясында 2011 – жылдан бери перзидент В. Путиндин буйругу менен кээ кээде күтүлбөгөн текшерүүлөр болууда. Бул машыгуулардын армиянын согушка даярдык деңгээлинин аныкталышы жана армиянын тынчтык учурунда согуштук жөндөмдүүлүгүн жоготпошу үчүн өткөрүлгөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар