Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүүнүн 2-жыйналышы болду

Сүйлөшүүдө үчтүк механизмдин алкагында Сириядагы ок атышпоонун кандай ишке ашырыла турганы каралды.

666244
Астанада Сирия тууралуу сүйлөшүүнүн 2-жыйналышы болду

Түркия, Орусия жана Ирандын делегациясы Сириядагы тынчтык процессин сүйлөшүү үчүн Казакстандын борбор калаасы Астанада дагы бир жолу чогулду.

Сүйлөшүүдө үчтүк механизмдин алкагында Сириядагы ок атышпоонун кандай ишке ашырыла турганы каралды.

Бириккен Улуттар Уюмунун тийиштүү адистери да катышкан сүйлөшүүгө Сирияда согушкан тараптар катышкан жок.

Түркия жана Орусиянын жол башчылыгында 23-24-январда Астанада өткөн алгачкы жыйналышта ок атышпоонун күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдар сүйлөшүлгөн.

Жыйналышка Иран жана АКШ менен катар Башар Асад режими менен Сириянын аскердик оппозициясынан да жооптуу кишилер катышкан.

Түркия, Орусия жана Иран ок атышпоонун күчтөндүрүлүшү жана ишке ашырылышынын камсыздалышы үчүн араларында биргелешкен байкоо жана текшерүү механизми түзүлүшү боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар