Украинада кагылышуулар улантылууда

Кагылышууларда 6 киши каза тапты

664762
Украинада кагылышуулар улантылууда

Украина армиясы менен Орусия жактоочусу жикчил топтордун ортосунда чыккан кагылышууда 6 киши каза болду.

Кагылышуулардын бешинчи күнүндө бири бирине карата миномет атууларда 2 Украина аскери менен Орусия жактоочусу жикчилдерден бир киши  каза болду. Кагылышууларда Авдеевкада 2, Донецекте 1 жаран да каза болду. Көп сандаган үй зыян тартып, аймакта жашагандар үйлөрүнөн чыгарылды.

Орусиянын президенти В. Путин кризистин күч алышынан Украинаны күнөөлөп жатат.

АКШнын БУУнун туруктуу өкүлү Никки Хейли болсо кагылышуулардын күч алуусунда Москва башкаруусун күнөөлөп жана Орусияны айыпташкандарын билдирди. Хейли Крым Украинага берилмейинче  Орусияга карата санкциялардын жоюлбай тургандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар