CIAдин төрага орун басарлыгына талаштуу ысым дайындалды

Тайланддагы CIA абагын башкарган Жина Хеспил, Майк Помпеонун орун басарлыгына дайындалды.

664825
CIAдин төрага орун басарлыгына талаштуу ысым дайындалды

Америка Кошмо Штаттарынын борбордук маалымат топтоо уюму CIAдин төрага орун басарлыгына талашатуу ысым дайындалды.

Таиланддагы CIA абагын башкарган Жина Хеспил, Майк Помпеонун орун басарлыгына дайындалды.

Төрагасы Помпео, Хеспилдин дайындалышына байланыштуу жазуу түрүндөгү жарыясында Хаспилди «Үлгүлүү чалгынчы» катары аныктады.

Сенаттагы демократтар болсо Хеспилдин дайындалышына каршылык көрсөттү.

 CIAдин төрага орун басарлыгы кызматына келе турган кишинин Сенат тарабынан бекитилиши талап кылынбайт. Төрага түздөн-түз дайындай алат.

Президент Дональд Трамп дайындаган Хеспил, «кара тешик» деп аныкталган Таиланддагы абактарда сууда чөгүү сезимин туудурган «waterboarding» ыкмасы көп ишке ашырылганы менен белгилүү.

 



Тектеш кабарлар