Украинада жан жоготуу барган сайын көбөйүүдө
Украинанын чыгышындагы ок атышпоо жолунда кагылышуулар кайрадан күч алууда
Украинанын чыгышындагы ок атышпоо жолунда кагылышуулар кайрадан күч алууда.
Орус сепаратисттер менен Украина армиясынын оор куралдарды колдонгон кагылышууларында жан жоготуу болууда. Украина армиясы акыркы 72 саатта 8 аскерин жоготту. Жарандар менен бирге каза болгон кишилердин саны 13кө жетти.
Донецк аймагындагы Авдеевка шаарынын жылытуу системасы бомбалоолордон улам колдонулбай турган абалга келди. Эл – 20 градустук суукта жашоого аракет кылууда. Кагылышуулардан улам Украинанын президенти Петр Порошенконун Германия сапары кыска убакытка созулду. Киев башкаруусу ок атышпоолоду кайрадан түзүү үчүн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна кайрылды.
Тектеш кабарлар
Нигерияда мечитке жасалган кол салууда каза болгондордун саны көбөйүүдө
Жарылууга байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүлөрдө 1 киши камакка алынды.
Айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү Грузияга карата визасыз режимди жоюну каалап жатат
Европа Биримдиги Грузия жарандары үчүн виза мажбурдуулугун 2017 - жылы жойгон.