UNICEF Жакынкы Чыгыштагы балдарга жардам берүүгө чакырды

UNICEFтин 2017 балага жардам отчетунда мунун 2 миллиард долларынын Жакынкы Чыгыштагы балдар үчүн жумшалары билдирилди

662657
UNICEF Жакынкы Чыгыштагы балдарга жардам берүүгө чакырды

БУУнун балдарга жардам фонду (UNICEF) Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү башта болуу менен бул жылы 48 өлкөдө 48 миллион балага 3,3 миллиард доллар жардам берүүгө чакырды. UNICEFтин 2017 балага жардам отчетунда мунун 2 миллиард долларынын Жакынкы Чыгыштагы балдар үчүн жумшалары билдирилди.

Отчетко караганда Түркия, Ливан, Иордания, Египет жана Ирактагы 2, 2 миллионго жакын сириялык качкын балдар үчүн 350 миллион долларга жакын жардам талап кылынды. UNICEFтин жалпы дүйнөдө балдар үчүн берген жардамынын 1,5 миллиард долларга жакыны Сирияда жана коңшу өлкөлөрдөгү сириялык, 161 миллион доллары ирактык, 236 миллион доллары йемендик жана 24 миллион доллары палестиналык балдар үчүн талап кылынууда.

Отчетто дүйнөдө 7, 5 миллион балада бул жылы олуттуу азыктануу ыраатсыздыгынын болору жана жардамдардын маанилүү бөлүгүнүн да азык – заттар үчүн колдонулары белгиленди.

Өткөн жылы 350 миң баш калкалоочунун деңиз жолу менен Европага жеткендигин жана бул баш калкалоочулардын жарымын сириялык жана афганстандыктардан турган балдар экендиги белгиленген отчетто Европага келген баш калкалоочу балдардын зомбулукка жана жыныстык зордуктоого дуушар болгондугу билдирилди.

Ирактагы кагылышуулардан улам 11 миллион киши жардамга муктаж болгондугу жана 3 миллион кишинин өлкө ичиндежерлеринен чыгарылгандыгы айтылды. Иракта жерлеринен чыгарылган 1,4 миллион кишинин балдар экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар