Сауд Арабстан фрегатына кол салуу жасалды

Кол салууда 2 аскер каза болуп, 3 аскер жараланды

662363
Сауд Арабстан фрегатына кол салуу жасалды

Кызыл деңизде күзөттө турган Сауд Арабстанга таандык фрегатка Йемендин Худейде портунун жакындарында жан кечтилик кол салуу жасалды. Кол салууда 2 аскер каза болуп, 3 аскер жараланды.

Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү командирлигинин билдирүүсүндө Сауд Арабстандын деңиз күчтөрүнө таандык бир фрегатка Худейде портунун батышында жан кечтилик кол салуунун жасалгандыгы белгиленди.

Жан кечтилик кол салуунун хусилер тарабынан 3 кайык менен жасалгандыгы, кайыктардан бирөөсүнүн фрегаттын арт жагында өрттүн чыгышына себеп болгондугу, өрттүн жайылбастан өчүрүлгөндүгү билдирилди.  


 



Тектеш кабарлар