Эрдоган менен Путин жолугушат

Песков маалыматтарды ырастады

662298
Эрдоган менен Путин жолугушат

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Режеп Тайип Эрдогандын март айына пландалган жолугушуусун ырастады.

Песков Путин менен Эрдогандын Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында март айынын башында жолугушууну пландап жаткандары жөнүндөгү маалыматтар туурабы деген суроого: «Ооба, учурда бул жолугушуунун даярдыктары жүрүп жатат»,- деп жооп берди.

Президент Эрдогандын Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында Орусияга баруусу жана Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү да күтүлүүдө.

Жолугушууда Сирия менен катар эл аралык жана аймактык маселелердин күн тартипке коюлары белгиленүүдө.

Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынынын акыркысы 2014-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар