Лавровдун билдирүүсү

Лавровдун Трамптын билдирүүсүнө байланыштуу айткандары

661827
Лавровдун билдирүүсү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын президенти Дональд Трамптын «Сирияда коопсуз аймактарды түзөм» деген билдирүүсү жөнүндө БУУнун жана берки эл аралык уюмдардын координациясында ушул сыяктуу аймактардын түзүлүүсүн камсыздоого болоорун айтты.

Москвада Эритреянын тышкы иштер министри Осман Мухаммед Салех менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров, Трамптын Сирияда коопсуз аймактын түзүлүүсү жөнүндөгү билдирүүсүн Вашингтон менен сүйлөшүүсү убагында ачыкка чыгара тургандарын белгиледи.

Лавров Трамптын коопсуз аймак сунушунун, Сирияга коңшу өлкөлөр менен катар Европадагы баш калкалоочулардын абалын жеңилдетүүгө карай кадам сыяктуу эсептелгенин белгилеп: «Эгерде Сирияда үйлөрүнөн ажыраган адамдар бир канча мөөнөткө коопсуз жашай турчу жана жардамдар алына турчу аймактар максатталып жатса БУУнун Жогорку комиссарлыгы жана берки эл аралык уюмдардын координациясы аркылуу ушул сыяктуу аймактарды түзүүгө болот»,-деди.



Тектеш кабарлар