Канадада мечитке кол салуу болду

Кол салуу 3 киши тарабынан аткарылган

661479
Канадада мечитке кол салуу болду
kanada cami saldırı2.jpg
kanada cami saldırı.jpg

Канаданын Квебек аймагындагы мечитке террордук кол салуу болуп, андан 6 киши көз жумду, 8 киши жаракат алды.

Сент-Фуа жергесиндеги кол салууда Квебек Ислам маданий борборунун мечити бутага алынды.

Террордук кол салуу, жамаат куптан намазы үчүн мечитке чогулган учурда болду.

3 киши тарабынан аткарылганы божомолдонгон террордук кол салуу убагында мечитте 40 киши болгон.

Полиция кол салууга шектелген 2 кишинин кармалганын маалымдады.  

Канада медиасы бул кишиден бирөөнүн 27 жашта экенин жана террордук кол салууда колдонгон автоматтык мылтыгынын да табылганын билдирди.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо кол салууга байланыштуу социалдык медиадан билдирүү жарыялап: «Бүгүн түнү канадалыктар Квебектеги мечитте болгон кол салуудан каза тапкандардын азасын күтүп жатат»,-деди.

Квебекте кол салууга дуушар болгон мечит өткөн жылдын июнь айында да мусулмандарды бутага алган кылмышка күбө болгон.

Канада АКШ каалгасын жапкан 7 Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөсүнүн баш калкалоочуларын кабыл алуу чечимин чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар