Орусия Израилге каршылык көрсөттү

Израилдин пландары мыйзамсыз

660627
Орусия Израилге каршылык көрсөттү

Орусия Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун басылып алынган Батыш Шериадагы еврей отурукташуу жерлеринде жаңы 2 миң 500 турак жайдын салынышын бекитишин мыйзамсыз деп сыпаттады.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, басылып алынган Палестина жерлеринде Израилдин жаңы турак жайларды салуу пландарына тынчсызданып жаткандары сөз кылынып: «Эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Израилдин бул чечими мыйзамсыз. БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2334 номердүү токтомунда бул абал тастыкталгандыктан Израилдин курулуш пландары мыйзамсыз экени жана Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыктын түзүлүүсүнө тоскоол болуп жатканы белгиленди»,- деп айтылды.

Билдирүүдө Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимдеги курулуштардын токтулушу талап кылынды.



Тектеш кабарлар